Аликантедеги жарым марафон
Сегизинчи ноябрда Испаниянын Аликанте шаарында жарым марафон (21.1 км) чуркап келдим. Жер Ортолук деңиздин жээгинде жайгашып, Санта-Пола шаарына чейин жээк менен чуркоо болгон үчүн катталып алгам. Чынында кооз жерде, күн ачык, абанын температурасы жыйырма градус шартта өттү. Менин максатым - берилген аралыкты бир жарым саатта чуркап өтүү болчу. Ал эми план - каалаган убактымда келе турган топту ээрчүү (пейсмейкер¹) эле.
Баштаганда эле жык адамдар менен топко кошулуп, ылдый карай чуркадык. Бир аздан кийин түздүк башталды. Бешинчи чакырымга жетпей буттар уюй баштады. Бир жарым саатта келчү топ менен аягына жетпей калчудай сезилип, жайласамбы деген ой кетти. Бирок «же максатыма жетем, же эч нерсе жок» деп чыдап кете бердим. Онунчу чакырымга жакын, кудай жалгап, бут уюганы тарап кетти. Анткен менен башка көйгөй башталды. Биринчиден, жыйырма градус чуркоо үчүн ысык болду. Бухаресттин он градусуна көнүп калган денем көнө албай кыйналып баштады. Экинчиден, дөңсөөлөр башталды. Өпкө ооздон чыгып кетчүдөй дөңгө чыгып, кайра түшүп жатып, жүрөктүн согушу мүнөтүнө 190дөн ашып кетти. Ар бир беш чакырымда берилген сууну ичип жатып да айласыз жайлап, тобумдан да калып кеттим. Он бешинчи чакырымга жетээрге жакын ысып, такыр эле жайлап, бир жарым саатта жетпейм деп үмүт үзүлө баштады. Бирок суу берген жерге жетип, бир уртап, баштан ылдый куюп жиберип, кадимкидей өзүмө келе түштүм. Анын үстүнө бир аздан кийин дөңсөөлөр да бүттү. Сергип алган күч менен он сегизинчи чакырымга чейин тобума жакындагандан жакындап, тез чуркадым. Анан кайра кургап калган соң кайра кыйнала баштадым. Жүрөктүн согушу 192нин тегерегинде болуп кетти. Чыдап отуруп, жыйырманчы чакырымдагы сууга жетип, дагы сергип алдым. Анткен менен өзүм араң келе жатканыма карабай, дагы да батыраак чуркоо керек болду. Анын үстүнө өрөө (подъём) болуп калсачы деп да коркуп келаттым. Акыркы бир чакырым калганда жүрөктү мүнөтүнө 201ге чейин соктуруп келе жатсам, алдымда топ менен бара жаткан жөө күлүк ысыктан тамтаңдап барып жыгылып түштү. Кайра туруп, кайра кулады. Ал жардам ала баштаганда мен да ушинтип калбайынбы деп ойлогон бойдон өтүп кеттим. Дагы бир аз жүргөндө дагы бири жыгылды. Ошондо чындап корко баштадым. Бирок бактыга жараша өрөө жок, баш айланбай, марага бир жарым саатка беш секунда калганда жетип бардым.
Жалпысынан өтө чоң тажрыйба болду. Мүнөздү аябай сынады. Айрыкча адамдар алсыздыктан жыгылганын көргөн оор экен. Кийинки жарыштарда жүз пайыз энергия эмес, токсон беш пайыз гана жумшап катышуу керек экен деп чечим чыгардым. Албетте, көрсөткүчтөр, жетишкендиктер жакшы, бирок ден соолук маанилүүрөк. Соңунда профессионал спортчу болбогон соң чуркоо менен ден соолук үчүн машыгат эмеспизби. Ал эми башында айтып өткөн кооз жерлерге кыйналып жатып суктана деле алган жокмун, көрбөй деле калдым. Анткен менен жарыштан кийин Испаниянын түштүгүн бир жума кыдырдым. Бирок, албетте, бул башка окуя!
[1] пейсмейкер - берилген убакытта жетчү атайын бекитилген жөө күлүк